Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо эмне берет?

Саясат | 14 Мар 2023 | 336 | 0

Бишкектин мэрин түз шайлоо мыйзамы парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаттары демилгелеген. Ага ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. Депутаттар борбордун тургундары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, мыкты жетекчи тандоого шарт түзүлөрүн айтышууда. 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин 14-марттагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаттары демилгелеген. Баяндамачы депутат Жанарбек Акаевдин айтымында, мыйзам кабыл алынса, Бишкектин мэрин эл шайлайт, эгерде мэрдин иши шаар тургундарынын купулуна толбосо, ишеним көрсөтпөө укугуна ээ болушат жана каалаган жарандар, каалаган саясий партиялардын мүчөлөрү мэрлик кызматка өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүсүнө жол ачылат.

«Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот».

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул мыйзам долбоорун колдой турганын белгилеп, «Борбордун мэрин шайлоо туура сунуш. Бул сунуш зарыл жана актуалдуу», — деди.

Депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорунда Бишкектин мэрин шайлоонун жана кайра чакыртып алуунун жол-жобосу так көрсөтүлүшү, ошондой эле мэрдин иштөөсүнө толук шарт түзүү үчүн тиешелүү мыйзамдар каралышы керектигин айтты.

«Эл тарабынан шайланган мэрлер элдин жүгүн көтөргөн мэрлер болот деп ойлойм. Алар өздөрү сунуштаган программаларын ишке ашырышы үчүн бюджет боюнча мыйзамын да карап беришибиз керек. Азыр Бишкек мэриясынын бюджетинин 50%ы республикалык бюджетке кетет. Эл тарабынан шайлангандан кийин мэрдин колу-буту бош болуп, каржы маселеси чечилген болушу керек. Шаардын каражат маселеси чечилгенден кийин ал иш алып барат. Эгерде шаарды өнүктүрүүгө акча маселеси чечилбеген болсо, ага эртең эл кайра эле ишенбөөчүлүк көрсөтөт. Ошондуктан мэрге байланыштуу бардык мыйзамды карап чыгып, мэрдин иштөөсүнө толук шарт түзүп беришибиз керек».

Депутат Мейкинбек Абдалиев мэрлерди эл шайлагандан кийин аларды андан жогору турган чиновниктерден да коргоо керектигин кошумчалады.

«Эл шайлагандан кийин аны биз мыйзам менен коргоп беришибиз керек. Кимден коргошубуз керек? Албетте, мэрден жогору турган чиновниктерден. Бирок ошол эле кезде асмандан түшүп, «Беш жылга шайландым, мага эч ким тие албайт» деген «Кудаяр ханды» пайда кылып койбошубуз керек. Мыйзамды колдойм, бирок аны дагы да иштеп чыгуу керек деген ойдомун».

Бир катар депутаттар Бишкек жана Ош республикалык маанидеги шаарлар экенин эске салып, Оштун мэрин да түз шайлоо маселесин көтөрүштү.

Ага депутат Жусупбек Коргонбай уулу каршы пикирин билдирди.

«Оштун тургундарынын 60%ын өзбек улутундагылар түзөт. Ошто 2010-жылы кыргыз-өзбек чатакташып, араң ынтымакка чакырганбыз. «Ош шаарынын мэрин шайлайбыз» деп, дагы жаңжал жаратуунун кереги жок. Азыр эки эл бир туугандай болуп турган кезде эртең шайлоо деп, саясатчылар улуттар аралык жаңжалга алып барып коюшу мүмкүн. Ошондуктан аяр мамиле кылышыбыз керек. Мыйзам кабыл алууда улуттун бүтүндүгүн да эске алуу керек».

Калаа башчыларынын тез-тез алмашуусу коомчулуктун сынына кабылып келет. Талдоочулар мамлекеттик кызматта жыйынтыкка жетишүү үчүн жетекчи кеминде 3 жыл иштеши керек экенин айтышат. Аны менен бирге шаар жетекчилигин тургундар шайлоо аркылуу тандаса туура болору буга чейин бир нече жолу сунушталган.

Соңку эки жарым жыл ичинде Бишкек шаарына 8 мэр дайындалган. Бишкектин учурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров өткөн жылдын февраль айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматка келген.

Copyright © 2017 Maral FM