Биз менен байланышыңыз

Апрель элдик революциясына 13 жыл болду

Кыска кабар | 7 Апр 2023 | 545 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясынын күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Бүгүн Апрель элдик революциясына 13 жыл болду.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары — өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калды.

Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган кыргыз эли, бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турганын белгиледи.

«Тилекке каршы, Апрель элдик революциясынын баасы өтө кымбатка турду, 90дой эр-азаматыбыздын каны менен келди. Карапайым элдин азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет. Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу» , — деди президент.

Бүгүн, 7-апрелде Апрель ыңкылабына 13 жыл болду. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Анда 100гө жакын киши набыт болгон. Ал эми 500дөн ашуун жаран ар кандай жаракат алган.

Акыры элдин күчү менен Ак үйдүн имараты алынып, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Төңкөрүштөн кийин Роза Отунбаева төрайымдык кылган Убактылуу Өкмөт түзүлгөн.

Кийинки мамлекет башчы болгон Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын декабрында 7-апрелди жаңы майрам – Элдик Апрель революциясынын күнү катары бекиткен.

2016-жылы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык Элдик Апрель революциясы күнү жумуш эмес күн деп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM