Биз менен байланышыңыз

«Коррупцияга каршы элдик кызматтын» төрагасы пара алып кармалды

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 208 | 0

Бишкекте «Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте «Коррупция каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т.ны 100 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Шектүү өзүн мамлекеттик органдын кызматкери катары тааныштырып, «Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кароосунда жаткан кылмыш иш боюнча маселелерди чечип берем» деп жарандан акча сураган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин да 200 миң сом алганы жана иш козгоону токтотууга көмөк көрсөткөнү үчүн кошумча 4 миң доллар талап кылганы аныкталган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM