Биз менен байланышыңыз

УКМК: Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды (видео)

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 368 | 0

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөл департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунда туруктуу коррупциялык схема болгонун аныктады.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын жашыруу үчүн акча ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча алып турушкан.

«Бул ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге, бузууларды жашырганы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө «өз үлүшүн» алып турушкан», — деп айтылат маалыматта.

Алар мындай кылмыштуу ишин жашыруу үчүн УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

Ушул жылдын 4-апрелинде айдоочудан ашыкча салмак үчүн 5 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөлдөө постунун 8 кызматкери, ошондой эле посттун улук нөөмөтчүсү, транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы кармалды.

Бул иш боюнча жалпысынан Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM