Биз менен байланышыңыз

Элчилик: АКШга виза алуу үчүн арыз берүүнүн акысы жогорулайт

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 1065 | 0

30-майдан тарта АКШга барууга виза алуу жана башка иммиграциялык эмес визалар үчүн төлөм жогорулайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, виза алуу үчүн арыз берүүнүн акысы 160 доллардан 185 долларга чейин жогорулайт. Атайын петицияга негизделген визанын баасы (H, L, O, P, Q жана R) 190 доллардан 205 долларга чейин көтөрүлөт. E визага арыз берүү акысы 205 доллардан 315 долларга чейин жогорулайт.

«Биз чет өлкөлүктөрдүн АКШга сапары үчүн виза процесстерин жакшыртууга умтулабыз. Виза үчүн жыйымдар кызмат көрсөтүүнүн наркынын негизинде эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Виза тууралуу кененирээк маалыматты элчиликтин веб-сайтынан табууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM