Биз менен байланышыңыз

Опера ырчысы Сталбек Алмасбеков дүйнө салды

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 889 | 0

Бүгүн, 5-апрелде көрүнүктүү опера ырчысы Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.

Сталбек Алмасбековдун ысымы республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык -хореографиялык окуу жайда окуган, ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM