Биз менен байланышыңыз

Мамлекет «Каприз» жана «Карвен» пансионаттарынын акциясын сатууну пландоодо

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 120 | 0

Мамлекет жакын арада Ысык-Көлдөгү «Каприз» жана «Карвен-четыре сезона» эс алуу жайларынын акциясынын үлүшүн сатыкка коюуну пландоодо. Бул тууралуу 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Канатбек Тургунбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин акционерлердин жыйыны өткөн.  Жакында эс алуу жайларын баалоо жараяны өтүп, баасы аныкталса, сатыкка чыгат.

«Аталган объектилер менчиктештирүү программасына киргизилет. Базар баасы туура келсе, сатууга аракет кылабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттин үлүшү «Карвен-четыре сезона» эс алуу жайынын акцияларында 33,3 пайызды, «Каприз» эс алуу жайынын акцияларында 28 пайызды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM