Биз менен байланышыңыз

Жол фондуна жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 266 | 0

Азиз Эсенов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн, 5-апрелде жаңы жетекчини жамаатка транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев тааныштырды.

Буга чейин аталган кызматты Бекназар Базаралиев аркалап келген. Ал өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Азиз Эсенов 1977-жылы Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

1994-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин коммерция багытында бакалавр, 2016-2018-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде менеджмент багытында магистрдик билимге ээ болгон. Эмгек жолун 1999-жылы каржы бөлүмүндө катардагы кызматкерден баштаган. Ал Бишкек шаарынын Свердлов районунун каржы бөлүмүнүн башчысы, Кочкор районунун акиминин орун басары, IGM Group ЖЧКсынын башкы директору жана бир катар кызматтарды аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM