Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 6-апрелде жаан жаайт

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 1064 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей эртең, 6-апрелде күндүз жана түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM