Биз менен байланышыңыз

Парламент пенсиялык реформа боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 119 | 0

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси: Министрлер кабинети.

Жыйында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева баяндама жасады. Депутаттардын суроолоруна Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев жооп берди.

Мыйзам долбоору мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, пенсия чектөөнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү жана пенсия чектөө жол-жоболоруна таасир эткен ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, эскирген ченемдерди алып салуу, ошондой эле 1996-жылга чейинки мезгил үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн чектөө системасын жөнөкөйлөтүү аркылуу пенсия чектөөдө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатын көздөйт.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов сунушталган мыйзам долбоору калк турмушуна терс таасир берерин айтып, анын ичинен тоолуу райондордо жашагандардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүү элдин кызыкчылыгына каршы келерин кошумчалады.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорун четке кагуу сунушун берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, четке кагылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM