Биз менен байланышыңыз

Сириялык качкын Германиянын Остелсхейм шаарына мэр болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 323 | 0

Германиянын Баден-Вюртемберг аймагындагы Остелсхейм шаарында сириялык качкын Райан Алшебл мэр болуп шайланды. Бул тууралуу DPA агенттиги жазды.

Маалыматта Алшебл Германиянын түштүк-батышында теги сириялык болгон алгачкы мэр экени айтылат.

DPA басылмасы жазгандай, 29 жаштагы Алшебл Сириянын Ас-Сувай шаарында төрөлгөн. 2015-жылы аскерге чакыруу алар куракта өз өлкөсүн таштап кеткен. Алгач Ливан аркылуу Түркияга кирип, кийинчерээк Грециянын Лесбос шаарына өткөн. Андан соң Германияга барып, ал жактан башпаанек алган.

Алшебл алгач Германиянын Калв шаарында жашап, бир жарым жылда немис тилин үйрөнгөн. Андан соң Алтенгштетт шаарына барып, жергиликтүү мэрияга жумушка кирген.

Быйыл ал Алтенгштетт шаарынын жанындагы Остелсхейм шаарынын мэрлигине талапкер болуп, жыйынтыгында 2 жергиликтүү атаандашын артта калдырып, 55,41% добуш менен шайлоодо жеңип чыкты.

Ал шайлоо алдындагы убадасында шаардын инфраструктурасын, шаардын борборун, балдар бакчасын жана карыяларга кам көрүү программаларын дагы да жакшыртууга убада берген. Ошондой эле анын шайлоо кампаниясынын негизги багыты экологияга кам көрүү, жеке турак жайларды Күн панели менен камсыздоо болору айтылган.

Алшеблни Остелсхейм шаарынын тургундарынын көпчүлүгү, ошондой эле экс-мэр Юрген Фукс да колдогон. Бирок анын атаандаштары шайлоо үгүт учурунда анын теги сириялык экенин сындаган. Бирок, жаңы мэр бул сындарды негизсиз деп атап, ал Германияга келгенине 7 жылдан ашканын, бул убакытты жергиликтүү коомго аралашып, жарандык да алганын айткан.

Алшебл мэрлик кызматка расмий түрдө июнь айында киришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM