Биз менен байланышыңыз

Республикалык тестирлөөгө каттоо 6-апрелде аяктайт

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 267 | 0

Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 6-апрелде аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:
• паспорт (же, паспорт ала элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);
• орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
• ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
• талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

ЖРТга каттоо 2023-жылдын 27-февралында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM