Биз менен байланышыңыз

Европа банкы «Араван-Ак-Буура» каналын оңдоого 17 млн евро бөлөт

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 181 | 1

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Аталган макулдашуу Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоого жана реконструкциялоого багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоо жакшыртылат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 млн 870 миң евро бөлүнүп берилет. Анын ичинен кредиттик келишимге ылайык – 14 млн 130 миң евро, гранттык макулдашууга ылайык – 3 млн 740 миң евро каралган.

Кошумчалай кетсек, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөттө, өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.

Талкуу маалында депутат Медербек Алиев долбоорду ишке ашыруу жаатында ишке тартыла турган консультанттардын санына жана алардын айлыгынын өлчөмүнө кызыкты.

Бирок Министрлер кабинетинин өкүлү иштин жүрүшүндө аныкталарын айтып, так жооп бере алган жок.

Ал эми депутат Камила Талиева алынуучу насыянын көлөмүнө карата эл өкүлдөрү  кооптонуп жатканын белгилеп, андыктан анын туура пайдаланылышын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.

Ошондой эле депутат Кундузбек Сулайманов жайыттарды өнүктүрүү багытында 100 млн доллардан ашуун насыя алынганын жүйө келтирип, бул жаатта да иликтөө жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Айсаракан Абдибаева өзгөрүлмө пайыздык чен маселесине токтолуп, насыялардын пайызын так көрсөтүү зарылчылыгына токтолду.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды.

1 пикир

1 пикир

  1. Бир бала

    05.04.2023 23:13

    Кен сайга качан суу чыгат канча чектер суу жок уй салынбай турат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM