Биз менен байланышыңыз

Токтошев: Дыйкандарга берилген насыяны алуу өтө татаал

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 178 | 0

Жогорку Кеңештин  депутаты Эмил Токтошев парламенттин бүгүнкү жыйынында аймактарда айыл чарба маселелери арбын экендигине токтолду.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан дыйкандарды колдоого берилүүчү «Айыл чарбасын колдоо -11», агрокредит жана 1 млн сомдон пайызы жок берилүүчү насыялар өз убагында жетпей жатат.

«Дыйкандар менен фермерлер акча алышпаганын айтып, аны алуу өтө татаал болуп жатканына арызданып жатышат. Ошондуктан, төрага, сиз насыя берген «Айыл Банкты», «РСК Банкты» чакырып, маалымат алсаңыз. Келип, бизге эмнеге кечиктирип жатканы боюнча отчёт берсин«, — деди Токтошев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM