Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Мектептерде наркотикалык конфеттер сатылат экен (видео)

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 237 | 0

«Принцесса Дури» аталышындагы интернет-дүкөндөн баңгизат сатуу — бул бери жагы эле. Мындай көрүнүштөр күчөп, мектептерде наркотикалык конфеттер, наркотикалык «клейлер» сатылат экен. Жакында эле 8-март майрамына карата балдар классташ кыздарына электрондук тамеки белек кылышыптыр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ал бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү комитет терең карап чыгышын суранды.

Мындан сырткары бул жаатта иш кандай жүрүп жатканы туурасында тиешелүү органдардын маалымат берүүсүн талап кылды.

Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда белгисиз жарандарды сабап жаткан видео боюнча баңги топтун мүчөлөрү кармалганын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM