Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айрым троллейбустардын каттам багыты өзгөрөт

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 423 | 0

Бишкек шаарында 5-апрелден тарта бир катар троллейбустар убактылуу башка линияга түшөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Троллейбустардын каттамы Асаналиев көчөсүнө канализациялык коллектордун салынып жатканынына байланыштуу өзгөртүлмөкчү.

Ага ылайык, № 4 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн багыты менен жүрөт.

№7 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн багытына түшөт.

№10 троллейбус Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты менен келип, андан ары өзүнүн багытына түшөт.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, багытты алдын ала болжоп алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM