Биз менен байланышыңыз

Президент Салык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 414 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. 

Мыйзам 2023-жылдын 16-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр жүргүзүлөт:

-Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда куралдуу чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан субъекттердин салыктык карыздарын кечирүү.

-Кирешелердин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү (учурда 30 миллион сомго чейин).

-Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды аткарган жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотуу.

Бирдиктүү салыктын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

-жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базарлардагы ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык салыкты белгилөө;

-соода үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын накталай акча үчүн 4 пайыздан жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2 пайыздан төмөндөтүү:

– 0,5 % — жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомго чейин;

– 1 % — 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин жүгүртүү менен;

коомдук тамактануу кызматтары үчүн киреше көлөмү чектөөсүз:

– Бишкек жана Ош шаарларында:

а) 6 пайыз – накталай түрдө;

б) 4 пайыз – накталай эмес формада;

– Кыргыз Республикасынын калган аймактарында:

а) 4 пайыз — накталай түрдө;

б) 2 пайыз — накталай эмес формада.

— Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн: 

– 2023 жана 2024-жылдары — 0,5 пайыз;

– 2025 жана 2026-жылдары — 1 пайыз;

– 2027-жылдан – 2 пайыз.

-Соода ишин жүргүзүүгө патенттердин колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM