Биз менен байланышыңыз

1-кварталда 54,5 млрд сом салык чогултулду

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 178 | 0

Мамлекеттик салык кызматы январь-март айларында 54 млрд 589,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, белгиленген план 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. 2022жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 40 млрд 40 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 499 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 3 айына салыштырмалуу 3,7 млрд сомго көп чогултулган.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 14 млрд 549,9 млн сомду түзүп, план 849,3 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Бул 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4,3 млрд сомго көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM