Биз менен байланышыңыз

1-кварталда бажы төлөмдөрүн чогултуу 1 млрд сомго ашык аткарылды

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 164 | 0

Март айына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 8,1 млрд сомду түздү. Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,5%га аткарылды же 568,9 млн сомго көп чогултулду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

2022-жылдын март айына салыштырмалуу түшүү 3,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 180,4%ды түзгөн.

Быйыл 1-кварталдын жыйынтыгы боюнча 3-апрелге карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 20,7 млрд сомду түздү. План 105,0%га аткарылды же 994,1 млн сомго ашыкча чогултулду.

2022-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу түшүү 6,5 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 145,9%ды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM