Биз менен байланышыңыз

Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 241 | 0

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, цехтин ачылышына транспорт министри Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилери катышты.

Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, мындан ары мекеме өзү чыгарууга кудурети жетет.

Белгилей кетсек, жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Орусиядан алынып келинген. 31-марттан баштап ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM