Биз менен байланышыңыз

Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 184 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматын тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Крестинин өз ара чечими менен кызматтан кетүүнү чечкен.

КФС тизмектегендей, Крестининдин жетишкендиктери:

• 2010-жыл – «Нефтчи» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клуб тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон.
• 2011 — «Нефтчи» ФК Суперкубоктун ээси
• 2014 — Кыргызстандын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган
• 2017-жыл – «Дордой» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган, андан кийин клуб Кыргызстандын төрт жолку чемпиону болгон (2018-жылдан 2021-жылга чейин)
• 2017, 2018 -жыл — «Дордой» ФК Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүсү
• 2018 — FIFA рейтинги 146-орундан 75-орунга чейин
• 2019 — Улуттук курама биринчи жолу Азия Кубогуна, андан кийин 1/8 финалга чыкты
• 2019 – «Данакер» мамлекеттик сыйлыгы
• 2019, 2021 — «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун жеңүүчүсү
• 2022 — Азия кубогу-2023 экинчи жолдомо

Белгилей кетүүчү жагдай, жаркын жеңиштердин бири Кыргызстандын Казакстан менен Түркмөнстанды биринчи жеңиши болду.

Бир нече жылдан бери ФИФАга мүчө өлкөлөрдүн курама командаларынын арасында туруктуу түрдө 100 мыкты команданын катарына кирет.

Көптөгөн сыйлыктардын жана «Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу» сыйлыгынын ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM