Биз менен байланышыңыз

Ленин округу боюнча шайлоого талапкерлердин саны үчкө жетти

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 292 | 0

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга арыз менен үч талапкер кайрылган.

— Марат Арзыкулов;
— Эркин Булекбаев;
— Максат Кунакунов.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM