Биз менен байланышыңыз

4-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 838 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 4-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +12…+17 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +21…+23 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM