Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 4-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +12…+17 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +21…+23 градус болот.