Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку «балага сүйүнчү» төлөмүн берүү сунушун камтыган токтом долбоору каралды.
Сунуш Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо тарабынан берилген.
Депутат Максатбек Сарбагышев өлкөдө акыркы 10 жыл ичинде үч эм төрөлгөн балдардын саны 151 болсо, 5 үй-бүлөдө төрт эм төрөлгөнүн белгиледи. Андыктан сунушталып жаткан токтом долбоору аркылуу үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүү демилгеленгенин айтты.
Талкуу маалында тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү да сунушту колдоп, комитет тарабынан токтом долбоору кабыл алынды.
Фин эксперименти: Топуракта ойногон баланын иммунитети бекем болот
Мисирхан, эгиз атасыз неберенин тай энеси
03.04.2023 15:52
Эгиз төрөгөндөр адам эмеспи,ошол жагын дагы караса болмок,? Күйөөсү таштап же ажырашып кеткендерди дагы карашып акча жагынан жардам берсе болмок.
Гулшат
03.04.2023 22:24
Балдарындын жашы каралбайбы эн жакшы маалымат экен
Мисирхан
03.04.2023 15:54
Эгиз атасыз неберелердин тай энесимин, эгиздерге болбойбу ошол жагын карап койушсун болмок?