Биз менен байланышыңыз

Фин эксперименти: Топуракта ойногон баланын иммунитети бекем болот

Блог | 27 Апр 2022 | 1784 | 0

Финляндиянын Лахти шаарындагы бала бакчалардын бири атайын эксперимент өткөрүп, анда балдар бир ай бою жумасына беш жолудан бакчага гүл отургузуп, топуракта ойногон. Эксперименттин жыйынтыгында, бул ыкма балдардын терисинин микрофлорасын жакшыртарын байкашкан. Ошондой эле балдардын жерге жакын болуусу кан курамын өзгөртүүгө таасир бергени далилденген. Бул маалымат Финлядиянын Yle басылмасына жарыяланды. Макаланын котормосун сиздерге сунуштайбыз.

Лахти шаарындагы Хумпула деп аталган бала бакчанын короосу балдардын иммунитетин чыңдоого ылайыкталып жасалган. Балдар короодогу топуракты чакан арабаларга жүктөп, жазында отургузула турган көчөттөрдүн чөнөгүнүн жанына ташышкан, карагат көчөтүн отургузушкан.

Бала бакчанын тарбиячысы Сайя Килкинин (Saija Kilkki) айтымында, бул балдар үчүн укмуш ачылыш болгон. Алар бакча иштерин жан-дили менен берилип жасашкан.

«Балдарга топурак кармоо, жерге жакын болуу өтө жагат. Ооба, топуракты чачышы мүмкүн, айрымдары жеп көрүшү ыктымал. Бирок бул иммунитеттин табигый жол менен бекемделүүсүнө шарт түзөт», — дейт ал.

Бала бакчалар үчүн өзгөчө эксперимент

Ушундай эле эксперимент башка да бала бакчага жасалып, короосуна токой чымын төшөп, токой гүлүн көчүрүп келип отургузушкан. Натыйжада 3 жаштан 5 жашка чейинки тарбиялануучулардын иммунитети бекемделгени далилденген.

Бул изилдөө шаардагы 10 бала бакчага да жүргүзүлгөн. Анда айрым бала бакчанын короосуна стандарт бетон жана жасалма майсаң (газон), төрт бала бакчанын короосуна токой чымы төшөлгөн. Ал эми калган бакчанын балдарын күн сайын табият койнунда ойнотуп турушкан.

28 күн жүргүзүлгөн эксперименттен соң, балдардын ден соолугундагы өзгөрүүлөргө анализ жасашкан. Изилдөөчүлөрдүн бири, Хельсинки университетинин эколог-окумуштуусу Марья Рослунддун айтымында, токой чымы төшөлгөн бакчада ойногон бала менен токойго барып ойногон баланын микробиотасы бири-бирине окшош чыккан.

«Бул божомол балдардын жер менен тыгыз байланышта болуусу иммундук системанын бузулушуна жол бербей, аутоиммундук жана аллергия сыяктуу дарттардын алдын аларын тастыктайт», — дейт Аки Синконен (Aki Sinkkonen).

Табият койнунда чоңойгон баланын ден соолугу чың болот

Ошондой эле балдардын көчөгө чыгуусу көрүүсүн жакшыртары аныкталган. Мындан сырткары табиятта ойноо баланын психикалык саламаттыгына да оң таасир берет. Айрым изилдөөлөрдө көк шибер баланын мээсинин түзүлүшүн өзгөртөрү айтылат.

Албетте, бул 100% туура дегенге эртелик кылат. Балдардын иммундук системасындагы өзгөрүүлөргө таза аба, Күндүн нуру, физикалык көнүгүүлөр жана тынч атмосфера да таасир бериши мүмкүн.

Анткени изилдөө учурунда жаратылыштын бардык кубулушун эсепке алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Ошентсе да фин окумуштуулар: «Бардык баланын көлчүк кечип, топурак чачып ойноосуна мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болмок. Биз балдарыбызды жумасына беш жолу табиятка алып чыгып, микробго каршы иммунитетин чыңдашыбыз керек», — деп эсептейт.

Бул изилдөө эң негизгиси, балдардын табият койнунда торолуусунун пайдалуу жактары көп экенин далилдейт.

Бала бакчаларда табигый майсаңдын болушу маанилүү

Хумпула Финляндиянын жаратылыш ресурстары институтунун экспериментине катышкан бала бакчалардын бири болуп саналат.

Эксперимент жыйынтыкталган соң, аталган бала бакчанын короосу көк шиберге, гүлзарга айланды. Анда токой чөбүнөн тартып, башка өсүмдүктөр да отургузулган.

«Короону көп тараптуу кылып колдонууга ылайыктадык. Бул короодо ойногон баланын аллергияга кабылуу коркунучу бир канча эсе азайып, иммунитети бекемделет»,  — дейт Хумпула бала бакчасынын жетекчиси Айя Марола (Aija Marola).

Ал аны менен катар бакчадагы бардык тайпанын балдары жумасына бир жолу сөзсүз токойго барышарын айткан.

«Токой – балдардын ойноосу үчүн эң мыкты жер. Биз шаарда болгондугубуздан улам балдарды токойго алып баруу дайыма эле мүмкүн эмес. Андыктан короону токой сыяктуу жасоо эң мыкты чечимдердин бири болду», — деп кошумчалайт жетекчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM