Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Сеул туруктуу аба каттамы ачылат

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 158 | 0

Кореянын T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 2023-жылдын июнь айында Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борбор шаарына туруктуу каттамдар биринчи жолу аткарылмакчы.

Жаңы багыт боюнча биринчи каттамдын болжолдуу датасы 11-июнга белгиленген. Сеул шаарына авиакаттамдар жумасына бир жолу аткарылары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM