Биз менен байланышыңыз

Марат Жаманкулов Азиянын Конституциялык cотторунун ассоциациясына кызматка кирди

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 222 | 0

Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Жаманкулов Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын туруктуу катчылыгынын башкы катчысынын изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча орун басары болуп шайланды.

Бул чечим Кыргызстандын Конституциялык сотунун АКСАны өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча АКСАнын Катчылыгы тарабынан кабыл алынды.

Ассоциация 2010-жылы Азиянын конституциялык юстиция органдарынын аймактык форуму катары түзүлгөн, анын негизги максаты Азияда демократиянын, укуктун үстөмдүгүнүн жана адамдын негизги укуктарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстан 2015-жылы мүчө болгон.

Азыркы учурда ассоциацияга 21 мамлекет кирет: Ооганстан, Азербайжан, Бангладеш, Индия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Корея, Кыргызстан, Малайзия, Мальдив аралдары, Монголия, Мьянма, Пакистан, Палестина, Орусия, Филиппин, Тажикстан, Таиланд, Түркия жана Өзбекстан.

Ассоциация иштеп турган жылдары Кореянын, Түркиянын, Индонезиянын конституциялык соттору, Малайзиянын федералдык соту, Казакстандын Конституциялык соту төрагалык кылган.

Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясы конституциялык сот органдарынын ролуна басым жасоо менен иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM