Биз менен байланышыңыз

Велосезондун ачылышына эки миңдей адам катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 2 Апр 2023 | 128 | 0

Бишкекте бүгүн, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата «Велосезон-2023» ачылышы болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Веложүрүш «Ала-Тоо» аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багына чейин уланды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн шоу-программа уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, «Velofriends позитив KG» бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM