Биз менен байланышыңыз

Америкадагы катуу шамалдан 22 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2023 | 341 | 0

Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолгон бороон АКШнын түштүк жана батыш аймактарын каптап, кеминде 22 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, Арканзаста кеминде 5 адам, Иллинойс штатында 4 жана Индианада 3 адам каза болгон.

Теннессинин саламаттыкты сактоо министрлиги 7 адамдын өлүмүн тастыктады.

Иллинойс штатында турак жайдын урашынан үч адам каза болгон.

Иллинойс штатында 260 адам отурган театрдын чатыры кулап түшкөн. Анда 40 адам жарадар болуп, 1 адам мерт кетти.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, каттуу шамал Арканзастагы имараттардын чатырларын жана дубалдарын талкалап, унааларды оодарып, бак-дарактарды жана электр мамыларын кулаткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM