Биз менен байланышыңыз

Бишкек милициясынын башчысынын билдирүүсүнөн улам ички иликтөө жүрүп жатат

Кыска кабар | 2 Апр 2023 | 119 | 0

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин «Фейсбуктагы» түз эфирде айткан сөздөрүнө байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай окуялар болуп жатканын айткан.

«Биз жергиликтүү бийлик, социалдык кызматкерлер менен мектептерде профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз. Бирок баары бир мындай окуялар катталууда. Акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон кыздар мындай учурга туш болуп жатат: бирөөлөр менен таанышат, ыктыярдуу түрдө алар менен жатып, анан ушундай окуялар болуп калууда. Албетте, жашы жете электер менен сексуалдык байланышта болгондорго жоопкерчилик каралган, ошондуктан эч ким жазасыз калбайт. Өз жанын кыйган өспүрүм кыз жыныстык катнашка барган адамга турмушка чыккысы келген. Анын жашы жете элек болгондуктан, ушундай окуя болуп калды», — деген ал.

2021-жылы ноябрь айында 13 жаштагы кыз жоголуп, үч күндөн кийин табылган. Кыз табылгандан кийин зордукталганы белгилүү болгон. 5 ай өткөндөн кийин өспүрүм кыз өз жанын кыйган.

Башкы прокуратура билдиргендей, бул кылмыш ишин иликтөөдө милиция жана медицина кызматкерлери тарабынан «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «далилдерди бурмалоо» болгон. Ага байланыштуу соттук-медициналык эксперт жана эки тергөөчү кармалган. Андан тышкары, зокдуктоого шектүү милиция тарабынан камакка алынбагандыктан, быйыл январь айында шектүү камакка алынган.

Ошондой эле, тергөөнү токтотуу тууралуу милициянын чечими жокко чыгарылып, иш прокуратура тарабынан иликтенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM