Биз менен байланышыңыз

УКМК: Милянфан айылында жерге байланыштуу коррупциялык схемалар аныкталды

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 172 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагынын кызматкерлеринин жер маселелери боюнча коррупциялык схемалары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кызмат адамдары тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жана үчүнчү жактарга сатуу максатында аффилиацияланган жакка 1га жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берүү фактыларын аныктады.

Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында Ысык-Ата районунун Милянфан а/а жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Ю.Я. жана башка кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн (кызматтык жасалмачылык), 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун (алдамчылык) негизинде иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM