Биз менен байланышыңыз

Дары-дармек менен алектенген мамлекеттик ишкана түзүлөт

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 201 | 0

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзөт. Бул тууралуу токтом иштелип чыкты.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, «Кыргызфармация» ишканасына Каржы министрлиги бюджеттик насыя катары 2023-жылы 500 млн сом бөлүшү керек. Ишкана түзүлгөндө кызматкерлердин маянасы үчүн 30 млн сом керек болот.

«Кыргызфармация» ишканасы медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыздоо, жаңы ыкмаларды колдонуу максатында түзүлүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Кыргызфармация» ишканасын кампалар менен камсыздоого милдеттендирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM