Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзөт. Бул тууралуу токтом иштелип чыкты.
Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, «Кыргызфармация» ишканасына Каржы министрлиги бюджеттик насыя катары 2023-жылы 500 млн сом бөлүшү керек. Ишкана түзүлгөндө кызматкерлердин маянасы үчүн 30 млн сом керек болот.
«Кыргызфармация» ишканасы медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыздоо, жаңы ыкмаларды колдонуу максатында түзүлүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Кыргызфармация» ишканасын кампалар менен камсыздоого милдеттендирилди.