Биз менен байланышыңыз

БШК Ленин округу боюнча шайлоого канча каражат кетерин эсептеди

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 520 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаларын кабарлады.

БШКнын чыгашасы шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды кошкондо 13,2 миллион сомду түзөт.  Ошондой эле 5,4 миллион сом бир округдук шайлоо комиссиясына жана 51 УШКга бөлүнөт.

Мындан тышкары, техникалык колдоо топторунун тартылган адистерине да төлөм каралган, алар 96 адам.

Күнү-түнү иштегенге байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө, идентификация боюнча операторлорго, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыздоо үчүн тартылган ИИМ кызматкерлерине (102 адамдобуш берүү күнү жана анын мурунку күнү бир күнгө 500 сомдон тамактанууга суткалык чыгымдар төлөнүп берилет. 

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM