Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай ишкердик кеңеши түзүлөт

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 236 | 0

Кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз-кытай (Синьзян-Уйгур автономиялуу району) ишкер кеңеши жөнүндө жобого төрт тараптуу кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз тараптан жобого Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Президентке караштуу Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов кол коюшту. Кытай тараптан жобого Кытайдын СУАР коммерциялык иштер башкармалыгынын директору Ли Сюань жана Кытайдын эл аралык соодасын илгерилетүү боюнча Сцинзян комитетинин төрагасы кол коюшту.

Кыргыз-кытай ишкер кеңеши инвестициялар чөйрөсүндө кызматташууну камсыз кылуучу ишкер чөйрөлөрдүн туруктуу иштөөчү координациялык-кеңешүүчү органы болуп саналат. Ишмердүүлүктү өнүктүрүү, каржы сектору, өнөр жай, тышкы соода, энергетика, туризм жана башка ишкерлер кеңешинин артыкчылыктуу багыттары болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM