Биз менен байланышыңыз

Бүгүн салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 229 | 0

Бүгүн, 31-мартта юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырышы керек.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM