Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Кытай ГЭСтерди куруу жөнүндө меморандумга кол коюшту

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 212 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

— Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндө меморандум;

— Кыргызстан-Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндө меморандум;

— Кыргызстан – СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу;

— Ысык-Көл облусу менен Кытайдын СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө протоколу;

— Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;

— «Или-Синхэ» ЖЧШ жана БТК ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.

Copyright © 2017 Maral FM