Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Алькони» заводунда өрт чыкты

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 193 | 0

Бишкектеги «Алькони» заводунда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Заводдо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат бүгүн, 31-мартта саат 03:10 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келип түшкөн.

Жерине 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп, штаб, суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам кызматы тартылган.

Өрт саат 05:55 чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Министрликтен белгилешкендей, учурда өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM