Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кытай Компартиясынын мүчөсүн кабыл алды

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 197 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуйду кабыл алды.

Кытай Компартиясынын өкүлү Кыргызстандын аймактары менен кызматташууну активдештирүүгө ниеттенип жатканын, бул маселе күн тартибинде турганын белгиледи.

Жолугушууда Садыр Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, Кыргызстан менен СУАР (Синьцзян-Уйгур автономиялуу району) ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүнүн өсүшүнүн оң тенденциясын айтты.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна токтолуп, бул Кыргызстан менен СУАР ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө салым кошуп, экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө да мультипликативдик таасирин тийгизерин белгиледи.

Мындан тышкары, кытайлык компанияларды Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Кытай Компартиясынын өкүлү өлкөлөр ортосундагы өткөрмө пункттардагы инфраструктураны жакшыртуу демилгесин колдоп, алардын санын көбөйтүүгө кызыкдарлыгын айтты.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун үч тарапка тең чоң экономикалык маанисин белгиледи.

Муну менен катар энергетика, медицина, маданият, туризм тармагында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча сунуштар айтылып, Кытайдын жогорку окуу жайларында Кыргызстандан барган студенттерди окутууга квоталарды көбөйтүү сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM