Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Казакстанда 20 жылдан бери документсиз жүргөн аял Кыргызстанга кайтарылды

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 142 | 0

2003-жылдан бери Казакстанда жүргөн 56 жаштагы М.К.Ш. аттуу кыргызстандык аял мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу «Жаш муун» диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте 2003-жылдан бери Казакстанда документи жок жүргөн 56 жаштагы аялды, 2008-жылы төрөлгөн өспүрүм кызды Кыргызстанга кайтарып келди.

«Министрлик жана өлкөнүн чет жактагы мекемелери жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM