Биз менен байланышыңыз

Мектепте акча чогулткандарга айып пул салуу мыйзам долбоору коомдук талкууда

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 593 | 0

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн иштелип чыккан.

Долбоордун тексти жана талкуу үчүн формасы менен кененирээк сайттан тааныша аласыздар. — http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/2483

Талкуу ушул жылдын 26-апрелине чейин жүргүзүлөт.

Өзгөртүүлөргө айып пул салуу кирет:

  • жалпыга жеткиликтүү жана акысыз билим алуу укугун бузуу же чектөө;
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезек системасына келгенден кийин баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу;
  • Мектеп жашына жеткен 6-7 жаштагы баланы мектепке электрондук каттоо системасында биринчи класска кабыл алууга келгенден кийин жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу;
  • Жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери жана педагогдору тарабынан, анын ичинде коомдук фонддор жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же алар тарабынан окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM