Биз менен байланышыңыз

Ажылыкка бара турган жарандарга кулактандыруу

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 620 | 0

2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлерден Сауд Арабия королдугунун Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка барган жарандын делосуна тиркелүүсү зарыл.

Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы төмөнкү дарылардын бирөөсү менен эмдөөдөн өткөндүгү боюнча сертификат талап кылынарын билдирет.

1-Pfizer-BioNTech, 2-AstraZeneca, 3-Moderna, 4-Janssen, 5-Sinopharma, 6-Sinovac, 7-Sputnik V, 8-Covaxin, 9-Nuvaxovid, 10-Covovax.

Муфтият эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калуусун эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM