Биз менен байланышыңыз

Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 103 | 0

Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жалпы узундугу 170 метр болгон бордюрлар орнотулду. Ошондой эле Чүй проспектисинин боюнда, «Рубин» зергер дүкөнүнүн маңдайында 20 метрди түзгөн бордюр орнотулду.

Буга чейин бул аймактарда башаламан унаа токтотуучу жайлар болгондуктан, унаа тыгыны пайда болуп келген.

Бошотулган муниципалдык аймакка газон же жандуу тосмо отургузуу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM