Биз менен байланышыңыз

Депутат Икрамов Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууга чакырды

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 371 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Орозо айында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууну суранды. Бул тууралуу ал 28-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды кечирип коюуңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп, мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек», — деди депутат.

Былтыр октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ошондой эле милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптаган.

Copyright © 2017 Maral FM