Биз менен байланышыңыз

УКМК: Паспорт жасоого шектүү адам кармалды

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 564 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык террордук уюмга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды.

«ИГ» эл аралык террордук уюмунун айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн Өзбекстандын жарандарына Кыргызстандын жаранынын жасалма паспортторун жасоого аракет кылган жаран Х.У.О. кармалды. Ал Ош облусунда туулган Кыргызстандын жараны экени аныкталган.

Жасалма паспорт жасоодо Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштарын колдонгон.

Кармалган адамдын жашаган жеринен Кыргызстандын жаранынын 2 паспорту табылган. Бул факты боюнча учурда паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM