Биз менен байланышыңыз

Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматына сунушталды

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 205 | 0

Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызмат ордуна кароо үчүн сунушталды.

Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Мындай чечимге Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.

Маалыматтарга караганда, Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта корунун Вашингтондогу кеңсесинин кызматкери болгон. Мындан тышкары фонддун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүндө экономист болуп иштеген.

23-мартта Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM