Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду агенттик болуп кайра түзүлдү 

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 259 | 0

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду агенттик болуп кайра түзүлөт.

Бул чара оптималдаштырууга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча функцияларын күчөтүүгө багытталган.

Мүлктү башкаруу фонду 1991-жылдын 21-январында түзүлгөн. Мекеме 30 жыл иштеген мезгили ичинде бир нече жолу реформалоого, уюштуруу формасынын өзгөрүшүнө кабылган. Учурда фонд мамлекеттин атынан экономиканын ар кандай секторлорундагы 42 чарбалык коомдо акционер болуп келет.

Ошондой эле 88 мамлекеттик ишкана төмөнкү багыттарда иш алып барат:

транспорт жана байланыш чөйрөсүндө – 11 мамлекеттик ишкана,

байланыш, телекөрсөтүү жана инновациялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 12 мамлекеттик ишкана,

айыл чарба чөйрөсүндө – 24 мамлекеттик ишкана,

мамгеология системасында – 2 мамлекеттик ишкана,

ар кандай кызматтарды көрсөтүү – 39 мамлекеттик ишкана.

Copyright © 2017 Maral FM