Биз менен байланышыңыз

«Тазалыктын» мурдагы жетекчиси үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 243 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан 22-мартта кармалган Бишкектин «Тазалык» ишканасынын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашов үй камагына чыкты.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Рыспек Сарпашов күнөөсүн моюндап, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурду, тагыраагы, ал 5 млн 167 миң 600 сомду бюджетке кайтарды.

Рыспек Сарпашов 2017-2018-жылдары «Тазалык» ишканасынын директору болуп турган кезде ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала келишип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарганы аныкталган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Бул кылмыш ишинин алкагында соттук-эсептик экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени аныкталган.

Рыспек Сарпашов 2010-2012-жылдары, 2014-2018-жылдары, андан соң 2019-жылы «Тазалык» ишканасынын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM