Биз менен байланышыңыз

Эл артисти Асанкул Осмоновдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 921 | 0

Бүгүн Бишкекте КР эл артисти, театр жана кино актёру Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, театр жана кино жаатында эмгектенген инсандар, күйөрмандары, жакындары келишти. Алар актёрдун талантын, журүм-турумун, адамкерчилигин, айкөл, жөнөкөй мүнөзүн, өрнөктүү өмүрүн айтып өтүштү.

Асанкул Осмоновдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыз эл артисти Асанкул Осмонов ушул жылдын 26-мартында 88 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM